show video detail
Журналист Улан Эгизбаев сууга чөгүп каза болду😢😢😢
53K 626 566 01:56
Журналист Улан Эгизбаев сууга чөгүп каза болду😢😢😢
  • Published_at:2018-07-22
  • Category:News & Politics
  • Channel:TaLaNT TV SaGyNbAeV
  • tags: азаттык улан эгизбаев
  • description: "Азаттыктын" эң мыкты журналисти Уланбек Эгизбаев каза тапты Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 21-июлда Чолпон-Атада каза тапты. "Азаттык" радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди, көйгөйлөрдү иликтеп, кыргыз элине кеңири таанылган жигит болчу. Ал "Азаттык" радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн бир катар резонанс жараткан иликтөөлөрдү жасаган. Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.​ Түз линк Уланбек Эгизбаев дагы бир тасма менен элдин эсинде калды. Журналист 25 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин ат менен барып-келип иштеген карапайым мугалим Кеңешбек Шоруков тууралуу "Жол" деп аталган тасма тарткан эле. Тасмада анын күн сайын эки сааттык азаптуу жолу жана мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү чагылдырылган. Көп өтпөй “Жол” аттуу даректүү тасманын каарманы Кеңешбек Шоруковго "Эмгек сиңирген мугалим" наамы ыйгарылган. Түз линк Эгизбаев туура бир ай мурда ардагер журналисттердин колунан “Алтын калем” сыйлыгын алган. Сыйлыкты публицист Кален Сыдыкова коомдогу талылуу маселелерди тартынбай элдин алдына алып чыгууга кудуреттүү жаш жана таланттуу журналисттерди колдоо максатында уюштурган. Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын (иликтөөнүн аталышы: "Саясатташкан мумия"), Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин (иликтөөнүн аталышы: "Көрүстөндөгү коррупция") иликтеген. Анда Эгизбаев кабырлар кызылдай акчага сатыларын, көрлөр тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткенин айтып чыккан. Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүүлөр, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон. Уланбек Эгизбаев журналисттик негизги кесибинен тышкары, коомдогу актуалдуу маселелерге карата жарандык позициясын ар дайым билдирип келгени менен айырмаланчу. Ал адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка кайдыгер карап тура алчу эмес. Эмгекчилдиги, кандан-бектен кайра тартпаган курчтугу менен башкалардан айырмаланган өзгөчө жигит болчу. Уланбек Эгизбаев өлкөнүн келечегине жан дили менен күйгөн Кыргызстандын мекенчил инсаны эле. Азырынча Ысык-Көлгө түшүп, эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болгону кабарланды. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги журналист кырсыктаган жерге тергөөчүлөр тобун жөнөттү. Алардын иликтөөсүнүн жыйeынтыктарын кошумча кабарлап турабыз. "Азаттыктын" жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, жубайына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаш болсо да кыргыз тилин мыкты өздөштүрүп, бай тилде сүйлөп, жазган таланттуу, абдан сабаттуу, мыкты кесиптешибизди жоготуу биз үчүн өтө оор кайгы. Чыгаан кесиптешибизден айрылганыбызга ишенип-ишенбей, кабыргабыз кайышып турат.
ranked in date views likes Comments ranked in country (#position)
2018-07-23 53,451 626 566 (Russia,#18)